Биз социалдык тармакта

Бишкекте алтынчы кабаттан энеси менен кулап, аман калган кыздын абалы айтылды

Бүгүн, 5-апрелде Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алтынчы кабатынан энеси менен кулап, аман калган 2022-жылы туулган кыздан кабар алды. Ал учурда Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасында дарыланууда.

Маалым болгондой, бала өтө оор абалда ооруканага жаткырылып, жандандыруу бөлүмүндө жатат, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, бейтапта баш мээсинин жабыркашы, астыңкы жаактын сыныгы, оң колдун ийин сөөгүнүн жабык жылышып кеткен сыныгы, өпкөнүн жана ички органдардын жабыркашы, ошондой эле ооз көңдөйүнүн жабыркаган жаракаттары аныкталган. Профилдик адистердин, анын ичинде нейрохирургдардын, травматологдордун, жаак-бет жана көкүрөк хирургдарынын катышуусунда консилиум өткөрүлдү.

Министр бейтаптын абалы менен жеке таанышып, консилиумга катышты. Медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ, 4-апрелде Жал кичи районунда каргашалуу окуя катталып, келин эки баласы менен алтынчы кабаттын терезесинен секирип кеткен. 26 жаштагы келин 1 жаштагы баласы менен каза болду. Ал эми 3 жаштагы кызы ооруканага жеткирилди. Учурда анын жолдошуна кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан