Биз социалдык тармакта

Бишкекте 6-кабаттан келин эки баласы менен кулады. Шектүү кармалды

Бишкекте келин эки баласы менен 6-кабаттан кулап кетти. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалым болгондой, каргашалуу окуя бүгүн, 4-апрелде Жал кичи районунда орун алды. Анда 1999-жылы туулган Э.А. аттуу келин жеринде каза болду. Анын 2025-жылы туулган К.А. аттуу баласы ооруканада көз жумду. Ал эми 2021-жылы туулган Ж.А. аттуу баласы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары 1992-жылы туулган М.А. аттуу келиндин жолдошу кармалды.

Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан