Бүгүн, 24-январда “Ар-намыс” фракциясынын отурумунда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри кызматына Таалайбек Айдаралиев көрсөтүлдү.
Буга чейин аталган министрликтин жетекчиси болуу ниетин Байымбет Мураталиев, Таалайбек Айдаралиев, Жоомарт Жумабеков, Жумакадыр Акенеев, Темурбек Сокеевдер билдиришкен эле. Тандоонун биринчи турунда Байымбет Мураталиев менен Таалайбек Айдаралиев көп добуш алышып, кийинки турга өтүшкөн. Экинчи турдун жыйынтыгында фракция мүчөлөрүнүн 19у Таалайбек Айдаралиевге, 6сы Байымбет Мураталиевге добуш беришкен.
Айта кетсек, Таалайбек Айдаралиев 1958-жылы Талас облусунда жарык дүйнөгө келген. 1980-жылы Скрябин атындагы Айыл чарба институтун аяктаган. 1988-жылы Москва шаарындагы Вильямс атындагы Илим изилдөө институтун бүтүргөн.