Биз социалдык тармакта

Чыңгыз Айдарбеков президентке кайрылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чыңгыз Айдарбеков өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылды. Анын ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Курсанбековдун атынан жазылган кайрылуу социалдык тармактарга тарады.

Анда БШК Айдарбековго мандат берүүнү негизсиз кечеңдетип жатканы айтылат. Кайрылууда БШКнын аракеттери Айдарбековдун жана ага добуш берген 6259 шайлоочунун укугун тебелеп жатат деген доомат коюлган. Ошондой эле президентке аталган маселени жеке көзөмөлүнө алуу суранычы жолдонгон.

Айта кетсек, 10-мартта Кубанычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылып, ошол эле күнү УКМК тарабынан кармалган. Анын ордуна №21 шайлоо округу боюнча Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши керек болчу. Бирок мандат берүү кечеңдеп, муну БШК Айдарбековго байланыштуу ИИМден тиешелүү маалымат күтүп жатканы менен түшүндүргөн. Айдарбеков БШК ага депутаттык мандатты негизсиз бербей жатканын айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан