Биз социалдык тармакта

Бишкекте иттер кол салган баланын бүгүнкү абалы айтылды

Бишкекте иттер кол салган баланын абалы туруктуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бул тууралуу Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы билдирди.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, бала өз алдынча тамактанып, өзүн жакшы сезүүдө. Учурда дарылоо улантылып, бейтап дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө.

️Ошондой эле адистер баланы алдыда бир нече этаптан турган реабилитация күтүп турганын белгилешти. Учурда тиешелүү адистер менен консилиум өткөрүлүп кийинки керектүү операциялары такталууда.

Эске салсак, окуя 1-апрелде Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда болгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан