Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фонду (UNICEF) Ирандан жашы жете элек балдарды аскердик операцияларда колдонууну токтотууну талап кылды.
Уюм балдар тартылган мобилизациялык кампаниялар, анын ичинде алардын өткөрмө бекеттерде кызмат өтөгөнү тууралуу маалыматтар бар экенин белгилеген.
"Биз Иранды балдарды аскерге тартууну токтотууга чакырабыз. Жашы жете электерди куралдуу күчтөргө же топторго тартуу жана пайдалануу баланын укуктарын одоно бузуу болуп саналат",- деп айтылат билдирүүдө.
Уюм 29-мартта 11 жаштагы Алиреза Жафари Израилдин учкучсуз учактарынын Тегерандагы көзөмөл-өткөрүү пунктуна жасаган соккусунан каза тапканын кабарлады. Укук коргоочулардын айтымында, ал жерге аскерлердин жетишсиздигинен өспүрүм атасы менен бирге турган.
Amnesty International уюмунун маалыматы боюнча, АКШ менен Израилдин соккусунан кеминде 216 бала набыт болгон.
Эске салсак, буга чейин Иранда аскердик кызмат өтөө эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилип, аскерге чакыруунун минималдуу жашы 12 жашка чейин төмөндөтүлгөн.