Биз социалдык тармакта

Иранда аскерге чакыруунун жаш курагы төмөндөтүлдү

Иранда аскердик кызмат өтөө эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди. Атап айтканда, аскерге чакыруунун минималдуу жашы 12 жашка чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысынын орун басары Рахим Надали билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Al Arabiya билдиргендей, 12 жаштагы өспүрүмдөр чалгындоо жана оперативдүү кайгуул кызматына, Басиж постторунда иштөөгө, аскерлерге тамак даярдоого, жарадар болгон жоокерлерди кароого жана башка кызматтарга алынат. Бул кабыл алуу программасы "Ирандыктар үчүн" деп аталат.

Анда бийликтин бул чечими балдарды согуштук операцияларда колдонууга тыюу салуу боюнча Ирандын эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келери белгиленет.

Эске салсак, АКШ менен Изарил Иранга 28-февралда аскердик операция баштап, бир нече шаарларга абадан сокку жасаган. Буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Ушул күндөргө чейин уланган чабуулдардын кесепетинен миңдеген имараттар талкаланып, жүздөгөн адамдар каза болду.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан