Бишкекте көп кабаттуу батирдин 6-кабатынан 2 баласы менен кулаган келиндин жолдошу 2 айга камакка алынды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 6-апрелде Ленин райондук соту шектүүнү 4-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.
Эске салсак, кырсык 4-апрелде борбор калаанын Жал кичи районунда орун алган. 26 жаштагы келин 1 жана 3 жаштагы наристелери менен бирге 6-кабаттан кулап, өзү менен 1 жаштагы ымыркайы көз жумган. Ал эми 3 жаштагы наристе оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул ишке шектүү катары маркум келиндин 33 жаштагы күйөөсү кармалган.