Биз социалдык тармакта

Депутат ит тиштеген балага жардам берген кызматкер тууралуу тараган кептерге кызыкты (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кылычбаев Бишкекте иттер кол салган балага жардам берген милиция кызматкери Тимурлан Кулназаров тууралуу интернет желесинде тараган маалыматтын чын-бышыгына кызыкты.

Бул тууралуу ал тармактык комитеттин 7-апрелдеги жыйынында айтты.

Айтымында, социалдык тармактарда Тимурлан Кулназаров иштен алынганы тууралуу маалыматтар тараган.

"Жаңылыктардан ИИМ кызматкери Тимурлан Кулназаров окуянын чоо-жайы тууралуу маек бергенин көрүп калдым. Эртеси эле ошол ишке же башка ишке байланыштуубу, кызматынан алынып жатат деген кептерди окуп калдым. Ал маалымат туурабы?",- деген эл өкүлү ИИМдин өкүлүнө кайрылды.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев аталган кызматкер Жогорку Кеңештин төрагасынын колунан сыйлык алганын белгилеп, бул маалыматты тактап көрүүнү убада кылды.

"Тактап көрөлү. Андай болушу мүмкүн эмес. Кечээ эле сыйлап жатсак, бүгүн жумуштан алмак белек. Тактап жообун берем",- деди ал.

Эске салсак, окуя 1-апрелде Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда болгон.


Депутат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан