Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү сунуштаган 75 адамдын каты боюнча кармалган 5 жарандын камактагы мөөнөтү 10-июнга чейин узартылды. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка ылайык, райондук сот мындай чечимди ИИМдин тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен кабыл алган.
Эске салсак, 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. 11-февраль күнү кайрылууга кол койгон Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев жана Бекболот Талгарбеков кармалышкан. 13-февралда алар 10-апрелге чейин камакка алынышкан.