Биз социалдык тармакта

ИИМ шайлоого байланыштуу суракка алынып жаткандардын үчөөсү камалганын билдирди

Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев массалык баш аламандыктар беренеси боюнча шектелип кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Министрлик президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү демилгелеген 75 адам суракка алынганын белгиледи. Натыйжада, топтун активдүү адамдары катары жогоруда аты аталгандар камакка алынган.
Маалыматта алардын биргелешип шайлоо өткөрүү боюнча жасаган кайрылуусу коомчулукта кызуу талкууга алынып, өлкө ичинде коомдук саясий кырдаалды курчутканы айтылат.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмү (Массалык башаламандыктар) менен кылмыш иши козголгон.
ИИМ кармалган жарандардын жашаган даректерине тинтүү иштери жүргүзүлгөндүгүн кошумчалады. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Буга чейин шайлоо өткөрүүнү демилгелегендердин айрымдары сурак берип жатышканы тууралуу маалымат чыккан. Бекболот Талгарбеков менен мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин аттары айтылган эле.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан