Биз социалдык тармакта

75 адамдын каты боюнча дагы бир жаран кармалганы белгилүү болду

Бишкектин Биринчи Май райондук соту "75 адамдын каты" боюнча кармалгандардын камактагы мөөнөтү 10-июнга чейин узартылганын билдирди.

Алардын арасында ИИМ мурда маалымат бербеген Ж.Б. аттуу жарандын аты да бар. "Азаттык" басылмасы ал саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов экенин жазып чыкты. Бирок Жумагуловдун аты-жөнү президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча кайрылууга кол койгондордун арасында жок. Деген менен ал Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу", "Кылмышка даярдык көрүү" беренелери менен айыпталууда.

Эске салсак, 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. 11-февраль күнү кайрылууга кол койгон Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев жана Бекболот Талгарбековдор кармалышкан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан