Биз социалдык тармакта

ИИМ: 6-кабаттан кулаган келиндин ата-энеси менен жолугушуу өттү

Ички иштер министрилигин жетекчилиги 6-кабаттан балдары менен бирге кулап каза болгон келиндин ата-энеси менен жолукту.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда жүргүзүлүп жаткан тергөө иштери тууралуу кенен маалымат берилип, алардын бардык суроолоруна түшүндүрмөлөр берилген. Маркумдун ата-энеси тергөө органдарынын аракеттерине дооматтары жок экенин билдирип, иликтөө мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлүп жатканын белгилешкен.

Эске салсак, кырсык 4-апрелде борбор калаанын Жал кичи районунда орун алган. 26 жаштагы келин 1 жана 3 жаштагы наристелери менен бирге 6-кабаттан кулап, өзү менен 1 жаштагы ымыркайы көз жумган. Ал эми 3 жаштагы наристе оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул ишке шектүү катары маркум келиндин 33 жаштагы күйөөсү кармалган. Ал 2 айга камакка алынды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан