Бүгүн, 9-апрелде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызматтан кетерин айтты.
Ал арада айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып, Байсалов Кыргыздын АКШдагы элчиси болорун жазышууда.
Эскерте кетсек, Байсалов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп 2021-жылдын октябрында дайындалган.