Биз социалдык тармакта

Эдил Байсалов кызматтан кетерин айтты (видео)

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызматтан кетерин билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде өтүп жаткан “Салижан Жигитов жана адабият” симпозиумунда айтты.

Байсалов өлкө тарыхында эң көп жыл иштеген вице-президент болгонун белгиледи.

"35 жылда 4,5 жыл вице-президент болуп иштеген жетекчи болбоптур. Мен да (ред.: кызматтан кетүүнү) сурандым. Түштөн кийин кызматтан кеткендигим боюнча жаңылык чыгат",- деди Байсалов.

Эскерте кетсек, Байсалов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп 2021-жылдын октябрында дайындалган.

"4,5 жыл вице-президент болбоптур". Байсалов кызматтан кетерин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан