Бишкектин Жал кичирайонунда көп кабат үйдүн алтынчы кабатынан эки баласы менен кулап каза тапкан келин узак убакыттан бери күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылып келген. Бул тууралуу маркумдун эжеси жергиликтүү басылмаларга билдирип, сиңдисинин мурдагы видео, сүрөттөрүн көрсөттү.
Жакындарынын айтымында, мындай материалдарды маркум келин курбусуна жөнөтүп, сактап коюусун суранган.
Буга чейин 26 жаштагы келиндин жакындары трагедияга үй-бүлөлүк жаңжал себеп болгонун айтып келишкен. Ал эми жарыяланган видео, сүрөттөрдөн каза болгон келиндин денесинен көгала тактарды көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, 4-апрелде Жал кичирайонунда каргашалуу окуя катталып, келин эки баласы менен алтынчы кабаттын терезесинен секирип кеткен. 26 жаштагы келин 1 жаштагы баласы менен каза болду. Келиндин жолдошу камакка алынып, ага кылмыш иши козголду.
Ал эми аман калган 3 жаштагы кыз учурда Шаардык тез жардам медициналык клиникалык балдар ооруканасында дарыланууда.