Бүгүн, 24-январда Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында КСДП фракциясынын көчмө жыйыны өтүп жатат. Жыйынга депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Дамира Ниязалиева, Жусупали Исаев, Ирина Карамушкина, Токтогул Туманов, Карамат Орозова, Мурадил Мадеминов, Данияр Тербишалиев катышууда.
Жыйын башында чыгып сүйлөгөн КСДП фракциясынын башчысы Ч.Турсунбеков өткөн 22 жыл аралыгында Кыргызстандын чек ара аймактарындагы социалдык-экономикалык абал улам оордоп отуруп, акыры жетер жерине жеткенин баса белгиледи.
"Биз өкмөткө 16 орчундуу маселени койдук. Буюрса, алардын ичинен 13 маселенин чечилишин тездетүү чечимине келдик. Каражат жагы бир аз оор болот, бирок биз аларды акырына чейин чыгарабыз",- дейт Турсунбеков.
Андан сырткары фракция башчысы ушу тапта мамлекеттик бийлик бутактары тарабынан Кыргызстан экономикасын көтөрүүгө, анын ичинде чек ара аймактарында жашаган жарандардын турмушун жакшыртууга багытталган бир катар ири долбоорлорду жүзөгө ашыруу чаралары колго алынганын, ошондой демилгелерге түшүнүүчүлүк менен мамиле жасап, аларга колдоо көрсөтүп жатканы үчүн элет тургундарына ыраазычылык билдирди.