Бишкектин Жал кичирайонунда көп кабат үйдүн 6-кабатынан кулаган келин каза болгонго чейин жолдошу тарабынан зомбулук көрүп келгендиги боюнча видео интернет желесине тарап, коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда.
Бул арада Ленин райондук милициясы ур-токмокко кабылганы боюнча маркум келинден мурда милицияга арыз түшпөгөнүн SUPER.KG порталына билдирди.
Белгилей кетсек, 4-апрелде Жал кичирайонунда каргашалуу окуя катталып, келин эки баласы менен алтынчы кабаттын терезесинен секирип кеткен. 26 жаштагы келин 1 жаштагы баласы менен каза болду. Келиндин жолдошу камакка алынып, ага кылмыш иши козголду.
Ал эми аман калган 3 жаштагы кыз учурда Шаардык тез жардам медициналык клиникалык балдар ооруканасында дарыланууда.