Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөрдү” улутташтыруу оңой эле, бирок эртеси мени прокуратурага чакырышы мүмкүн” дейт

Жаңы меморандум колдоо тапса, Кыргызстан “Кумтөрдүн” эсебинен 80 миллион доллар киреше табат. Муну бүгүн, 24-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Ата Журт” фракциясынын жыйынында айтты.

“Кумтөрдү” улутташтырууга Кыргызстандын толук акысы бар, ал оңой эле. Бирок экономикалык кесепетин эске алышыбыз керек. Ишкананы улутташтырып, эртең экономикалык оор абал түзүлсө Темирбек (башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулун көрсөтүп) мени чакырат “сизге сонун камера даярдап койдум деп”. Биргелешкен ишкана түзүп үлүшүбүздү 50х50 пайыздан бөлүү вариантына токтолдук”,- дейт Сатыбалдиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан