Биз социалдык тармакта

Алтынчы кабаттан апасы менен кулап аман калган 4 жаштагы кыз эсине келди

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги Жал кичи районунда алтынчы кабаттан кулап түшкөн 4 жаштагы кыз эсине келгенин билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тастыктагандай, бейтаптын абалы учурда туруктуу деп бааланып, дарылоо жана дарыгерлердин көзөмөлү уланууда. Дарыгерлер анын ден соолугун калыбына келтирүү боюнча керектүү медициналык жардам көрсөтүп жатышат.

Белгилей кетсек, 4-апрелде Жал кичирайонунда каргашалуу окуя катталып, келин эки баласы менен алтынчы кабаттын терезесинен секирип кеткен. 26 жаштагы келин 1 жаштагы баласы менен каза болду. Келиндин жолдошу камакка алынып, ага кылмыш иши козголду.

Ал эми аман калган 4 жаштагы кыз учурда Шаардык тез жардам медициналык клиникалык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан