Биз социалдык тармакта

Мандат ала турган Рамис Жунусалиевдин талапкерлиги жокко чыгарылышы мүмкүн

Борбордук шайлоо комиссиясы Рамис Жунусалиевдин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлик каттоосун жокко чыгаруу боюнча жыйын өткөрөрүн кабарлады.

Маалымдалгандай, отурум бүгүн, 10-апрелде саат 14:30да болот. Ал №19 көп мандаттуу шайлоо округунан катышкан.

Айта кетсек, ал аталган округдан депутат болгон Абдылдабек Эгембердиевдин ордуна келмек. Эгембердиев мандатынан ажыратылган. Ал эми учурда Жунусалиев тергөө абагында. Ал былтыр декабрь айында алдамчылыкка шектелип кармалган.

Эми парламенттеги бош орунга №19 округдан Улан Сариев келип калышы ыктымал. Сариев 2021-жылдан 2023-жылга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеген. 2023-жылы Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Бирок шайлоо учурунда добуш сатып алууга шектелип, БШК анын каттоосун жокко чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан