Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-апрелдеги жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин мандатын тапшыруу боюнча жазган арызын карады.
Отурумда БШК мүчөлөрүнүн чечими менен Эгембердиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Айта кетсек, ал парламентке №19 округдан депутат болуп келген.