Ачык маалымат булактарында акыркы кезде өлкөдө психологго кайрылган жарандардын саны көбөйгөнү айтылып жүрөт. Анын себептери түрдүү мисалдар: адамдын өзүн таануусу, жан дүйнө кризисинен чыгуу, акча, бизнес, комплекстерден арылуу жана башкалар менен түшүндүрүлүп келет.
Бул жолу жогоруда айтылган көйгөйлөрдүн себептери, андан чыгуу жолдору тууралуу психолог, гештальт-терапевт Бактыгүл Соорбекова айтып берет.
— Бактыгүл Арыстанбековна, саламатсызбы? Алгач эле психологияга кантип келип калганыңызды айтсаңыз?
— Биринчи кызымды жарык дүйнөгө алып келип, декретте отурган учурда изденип, кызымды кантип тарбиялайм, жолдошум менен кантип мамиле курам деген суроолорго жооп издеп жатып, психологияга такалдым. Ал учурда издеген суроолорума жооп алгандан кийин мага окшоп бир эле маселенин түйүнүн билбей, кыйналып жаткан айымдар толтура да, аларга жардам берейин деген ой пайда болуп, психологияны Москвадан окудум. Ал жактан психолог-консультант деген адистик алдым, андан кийин гештальд боюнча билим алып, гештальд-терапевт болдум.
— Психологияда кардарлар менен иштөөдөгү өзгөчө ыкмаңыз кандай?
— Өзүмдү руханий психолог деп атайм. Анткени, психологияны биздин улуттук маданиятыбызга, динибизге айкалыштырып, адаптация кылып колдоном. Мисалы, базалык эмоцияларды (өзүңдү түшүнүү, оор эмоцияларды коё берүү) гештальт-терапиянын жардамы менен кылсам, жаңы көз караштарды куруу, жаңы ишенимдерди жаратууда руханий, диний көз карашты колдоном.
— Акыркы учурда коомдо "өзүн баалоо, сыйлоо, кабыл алуу" деген түшүнүктөр тренд болуп жатат да. Адам өзүн таанып-билүүгө умтулушу керекпи же жөн эле жашай берсе болобу?
— Менимче, издеши керек. Өзүн тааныганга аракет кылышы зарыл. Анткени, бизге сырттан аябай көп триггерлер бар да. Ар ким ар нерсени талап кылышы мүмкүн. "Андай жаша, мындай жаша" деп. Улам бир тренд, мода чыгат. Бардык сырттагы чакырыктарды иргебей (фильтрлебей) жүрө берсек, жашообузду жоготуп коёбуз. Ал эми өзүңдү угуп, түшүнүп, чакырыктарга анализ жүргүзүп жашоо - бул жашоонун маңызы. Жашоодогу миссияларыбыздын бири деп эсептейм. Өзүң менен өзүң алектенүү - абдан кызыктуу. Мага бирөөнүн жашоосун, кыймыл-аракетин анализдеп, түшүнгөнгө аракет кылганча, өзүңдү түшүнгөн жеңилирээк сезилет. Анткени ар бир жан дүйнө бай. Жан дүйнөңдө тынчтык пайда болуп, түшүнүктүү абалда болсоң, башка адамдар менен коммуникация түзүү да жеңил болот.
— Адам өзүн таанууну эмнеден башташы керек?
— Жөнөкөй эле, күнүмдүк ойлорго, сезимдерге анализ жүргүзүүдөн баштоо зарыл. Ошол ой-сезимдердин натыйжасында биз кыймыл-аракет жасайбыз. Анан өзүбүзгө төмөнкү суроолор менен кайрылып, жооп издесек болот: "Күнүмдүк сезимдерим кандай?", "Күнүмдүк аракеттерим менин жашоомо кандай таасир берип жатат?" деп.
Бир күндө адамда 1 триллиондон ашык ой жүрөт экен. Аларга анализ жүргүзүп, позитивдүүсүн калтырып, негативдүүлөрүн алып койсок болот. Бул - өзүн таануудагы процесс. Ойду, сезимиңди түшүнүү. Ошондон келип чыккан кыймыл-аракетиңди түшүнүү.
Өзүмдү тааныйм деп алгачкы кадам шилтеген адамда калем менен дептер болушу керек. Бүгүн эмне ойлоп жатам деген суроону жазып, оюн кагазга төгөт. Анын жыйынтыгын көрүп, "мен ушуларды, башка адамдарды бир күн ойлоймбу, өзүмдү качан ойлойм" деп өзү таң калат. Тактап айтканда, ичинде кандай сезим, ой бар экенин көрөт. Бул процессти күн сайын кайталай берсе, өзүбүздү тааный беребиз. Ичибизде керексиз сезимдерди, ойлорду алган соң кыймыл-аракетте, жашоодо дагы өзгөрүү жаралат.
— Негатив ойлорду фильтрлөө ыкмасы менен да бөлүшө кетсеңиз?
— Ал ойду тааныш керек. Ойлор абстракттуу болгону үчүн аларды көзөмөлдөө бир аз татаал. Ошондуктан кайрадан аларды баракка (же заметкага) түшүрөбүз. Мисалы, мектепке кеткен балаңды жолдон бирөө уурдап кетсечи, жыгылып калсачы ж.б деген жаман ой келип жатат. Аны деле кагазга же заметкага жазуу керек. Андан соң ал өзүн ойдон ажаратат. "Бул ойду коё бердим" деп терең дем алышы зарыл. Бул учурда мээ бул маалыматты кабыл алат да, негатив ой кетет. Биздин тынчыбызды алып жаткан нерсе - бизге бир нерсе айткысы келиши ыктымал. Ага көңүл буруп, орун бериш керек. Аны менен иштегенде бизди коё берет. Эгер көрмөксөнгө сала берсек, тынчсызданууну күчөтүп, кайталана бериши мүмкүн.
— Жогоруда жан дүйнө тынчтыгы деп калбадыңызбы. Адам жан дүйнө тынчтыгын өзү менен иштеп жатып табабы же адамдын жан дүйнөсү өзү эле тынч абалда болубу? Өзүбүз аны ордунан козгоп, тынчсыздануу сезимдерин жаратып алабызбы?
— Жүрөгүбүздө жалаң жакшы сезимдер: сүйүү, тынчтык, мээрим бар. Ал эми напсибиз, эго оюбузда, логикада жашайт. Базалык настройкаларды жаап салган ой болот. Мисалы, ал мындай деп айтып койду, демек, мени жаман көрүп жатат деп жүрөгүбүздү карайта беребиз да. Өзүңдү таанып, оюңду тазалаган сайын жүрөктөгү сезимдер гүлдөп баштайт. Аны издөөнүн деле кереги жок. Көп адамдын көйгөйү - ар кимден (жолдошу, жигити, ата-эне, акча ж.б) сүйүү издейт да. Ал биздин жүрөктө бар. Болгону оюбузда "трамвалар" аркылуу эсептөөлөрдү пайда кылып алганбыз. Мисалы, апам сүйбөй койду деген түшүнүк кайдан келет. Апасы тиричиликтен бошобой, баласы менен убакыт өткөрө албай калды. Бала "апам мага караганда ишти, же үй тиричилигин жакшы көрөт" деген жыйынтык чыгарып алат. Логикада бир караңгы ой түштү. А бул чындыкпы? Жок, андай эмес, апасы баласын жакшы көрөт, шартка байланыштуу гана апа мээрим көрсөткөнгө жетишпей калды. Бирок бул апа баланы сүйбөйт дегендик эмес. Бала мунун түшүнүп, кабыл алганда трамва кетет. Жүрөгүндө апасына, өзүнө болгон сүйүү ачылып баштайт. Апам менен сүйөт деген адам бардык адам мени жакшы көрөт деп ишенет. Мындан улам адамдар менен жеңил мамиле кура алат.
— Бактыгүл Арыстанбековна, маек үчүн ыраазычылык билдирем! Ишиңизге ийгилик!