Өлкө башчы Садыр Жапаров дарыгерлердин эмгек акысы кийинки жылы дагы көтөрүлөрүн билдирди. Президент бүгүн, 12-апрелде Оштун Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратынын ачылышында 1-апрелден тарта мугалимдер менен дарыгерлердин айлык акылары жогорулаганын эске салды.
"Мурдатан эле кылсак болот эле, бирок эң көп мугалимдер менен дарыгерлер да. Анан бюджетке дароо эле сезиле түшөт. Кичине эле айлыкты көтөрсөң жүздөгөн миллиард сом кетет", - деди мамлекет башчысы.