Кыргызстанда 1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин эмгек маяналары 100 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, мындай чечимди өлкө башчысы Садыр Жапаров буга чейин эле жарыялап, дарыгерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгилеген.
Учурда бул багытта иштер жүргүзүлүп, медициналык мекемелердеги кадр тартыштыгын жоюу жана жүктөмдү азайтуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле дарыгерлердин социалдык абалын жакшыртуу максатында жеңилдетилген шарттагы ипотекалык турак жай берүүдө медицина кызматкерлерине артыкчылык берилет.
Маалыматка ылайык, жаңыдан ишке кирген жаш дарыгерлердин айлыгы 13 581 сомдон 35 248 сомго чейин өсөт. Ал эми тажрыйбалуу адистердин маянасы стажына жараша дагы жогору болот.
Мындан тышкары, алыскы жана тоолуу аймактарда иштеген дарыгерлер үчүн айлык акы орточо эсеп менен дагы 30 пайызга көбөйөт. “Дарыгердин депозити” программасынын алкагында мамлекет дарыгерлерге кварталына 66 миң сомдон төлөп берет.
Талап кылынган адистиктер — педиатр, неонатолог, анестезиолог, реаниматолог жана хирург болуп иштеген жаш дарыгерлерге ай сайын кошумча 20 миң сом төлөнөт.
Ошондой эле өлкөдө иштеп жаткан 28 миң медайымдын айлык акысы 8 541 сомдон 29 053 сомго чейин, башкача айтканда үч эсеге жогорулайт.
Учурда республика боюнча медициналык мекемелерде 1596 дарыгер жетишсиз экени белгиленип, бул тармакта иштөөгө чакырык жасалды.