АКШнын президенти Дональд Трамп жана анын администрациясы Иранга каршы аскердик соккуларды кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн караштырып жатышат. Бул тууралуу америкалык The Wall Street Journal басылмасы жазды.
Андагы маалыматка ылайык, учурда АКШ бийлиги Ормуз кысыгы боюнча киргизген блокадага кошумча Ирандын бир катар жерлерине сокку урууну пландап жатат.
Айрым басылмалар АКШнын лидери 12-апрелде, Исламабад шаарындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин эле аскердик аракеттерди кайра баштоо маселесин караганын жазышты.
Белгилей кетсек, 11-апрелде Пакистандын ортомчулугу менен башталган Вашингтон менен Тегерандын сүйлөшүүлөрү 12-апрелде ийгиликсиз аяктаган болчу.