Бүгүн, 12-апрелде Пакистанда АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү натыйжасыз аяктады.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс журналисттерге америкалык делегация Исламабаддан макулдашууга жетишпестен кетип жатканын айтты. Ал Тегеран өзөктүк куралынан баш тартууга бекем кепилдик бере албаганын билдирди.
Өз кезегинде Тегеран Вашингтонду кабыл алынгыс талаптар менен сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратты деп айыптады. Жаңы сүйлөшүүлөр качан жана кандайча өткөрүлөрү белгисиз.
"Жаман жаңылык - биз макулдашууга жетише элекпиз. Жана, менимче, бул Иран үчүн АКШга караганда алда канча жаман жаңылык", - деп келтиришти чет элдик басылмалар Вэнстин 21 сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийин айткан сөздөрүн.
Айта кетсек, Пакистандын ортомчулугу менен Исламабаддагы сүйлөшүүлөр 11-апрелде башталган.