Super.kg порталынын Коом жана турмуш рубрикасынын алкагында психолог, гештальт-терапевт Бактыгүл Соорбекова менен маектештик. Бул жолу психолог адамдын өзүн таанып-билүүсү, ата-эненин балага болгон сүйүүсү жана тагдыр темасында кеп курду.
— Бактыгүл Арыстанбековна, саламатсызбы? Айтсаңыз, эне балага жетиштүү сүйүү, мээрим берсе деле, бирок бала аны кабыл албай калышы мүмкүнбү?
— Эгер бала эненин мени сүйөт дегенин билбей жатса, демек, эне баланын тилин таба алган жок. Мисалы, бир эне "балама көп кийим алып берсем, мен аны сүйүп жатам" деп ойлошу мүмкүн. А бирок ал балага сүйлөшүү керек болчу. Эң жөнөкөй кийимдерди кийгиз, бирок аны менен жетелешип, көзүнө карап сүйлөшүү зарыл. Көбүнчө сүйлөшүү дегенде кээ бир апалар өзүнүн көйгөйлөрүн айтып берет да, сүйлөшүп жатам деп ойлойт. Бирок бул сүйлөшүү эмес. Бул инструкция берүү, башкаруу, жөн эле сыртынан сурап коюу. Эне баласынан "Күнүң кандай өттү, азыр эмнени сезип жатасың, жашооңдо көйгөй жокпу, досторуң менен мамилең кандай?" деп анын жашоосундагы ар бир деталь жөнүндө билгенге аракет кылса. Балким, балага ушул сүйлөшүү керек болчу. Ал эми кээ бир бала белек, кийим алып берүүнү сүйүү деп сезет. Бала сүйүүнү сезиши үчүн баланын тилинде сүйлөшүү керек. Ар бир бала ар кандай. Анан баары бир ар бир адамда ар кандай комплекстер, травмалар болот. Андан биз качып кете албайбыз. Балага идеалдуу жашоо түзүп беребиз деп деле аракет кылбай эле коюш керек. Колдон келишинче мүмкүнчүлүктөрдү беребиз. Ал эми жетпей калганын өзү эптеп алат. Буга деле эркин көз карашта карашыбыз керек. Анткени кээ бир энелер "травма болбосун" деп аябай стресс болуп алышат.
— Адам эгосун кантип жеңүүсү керек? Жүрөк менен логиканы кантип баланста сактаса болот?
— Негизи биз өзүбүз менен, жашоо менен күрөшүүнүн кереги жок. Жашоо үчүн күрөш деген ишеним - бул оор жашоону басып өтөм деген түшүнүк. Күрөш эмес - түшүнүү керек. Мисалы, бир адам жакшы бир буюм алды. Башка бир адамда ага ич күйүү жана кубаныч сезими бир убакта болушу мүмкүн. Эки сезимге тең орун берүү зарыл. Негатив сезимди кабыл алып, терең дем алып аны коё берүү абзел. Андан сабак алса болот. Ал эми жүрөк ага кубанып турат. Негатив сезимдер логикада жашайт.
— Адамдар өзүн таанып-билүүнү кайсы куракта башташат?
— Адамда ар бир декадада өткөөл мезгил сыяктуу учур болот. Кичинекей кезде 1,5 жашта, 3, 7, 12, 15, 20, 25...35 жаш. 5-10 жылда баарыбызда эле өткөөл мезгил болот. Анткени мурдагы беш жылда билген билимиң, алган тажрыйбаң кийинки беш жылда анча актуалдуу болбой калат. Көп учурда 30 жашта көпчүлүк адамдар кесебин алмаштырышат. Ошол үчүн эми эмне кылсам, эмнеге кызыгам, өзүмдү кандай алып жүрөм деген суроолорду берип, жаңыланабыз. Бул нерсеге жай эле анализ кылып, өтүп кетсе болот. Сөзсүз түрдө кризиске түшүүнүн кереги жок.
— Сонун, "жакшы кыз" синдромунан кантип арылса болот?
— Жакшы кыз синдрому биздин коомдо аябай сиңген. Азыркы учурда да буга көпчүлүктүн бир тарабы каршы болсо, бир тарабы аны жактайт. Ал эми мен жакшы кыздын синдрому менен жашабай эле койгула деген тараптамын. Биринчиден, тарыхына токтоло кетсем, баарына "макул" деген, "тил алчаак адам", СССР убагында экономикага ошондой моделдеги адам керек болгон. Ал үчүн атайын бонустар берилген. Базар экономикасында бул адамдар өз ордун таба албай калат. Себеби мында ар бир адам өз оокатын өзү таап жеши зарыл. Ал жерде тил алчаактык эмес, атаандаштыкта өз оюн айтып, өз ордуңду ээлеп калышың керек.
Жакшы кыз синдромундагы адамдар бардык агрессия сезимдерин ичинен жаап, блок коюп салат. Ал бул абалдан чыкпаса, коомдо өз ордун табышы кыйын болуп калат. Баарын өзүм бүтөрөм деп жардам да албайт. Мунун кимге кереги бар? Ошондуктан ар бир адам өзүн кор кылбашы керек жана башкаларга да ал үчүн жол бербеши зарыл. Эң биринчи аманат - бул өзүң. Бирөөгө акыңды жедирбей, башкалардын акысын жебешиң абзел.
Ал эми жакшы кыздын синдромунан чыгуу үчүн адам өзүнүн каалаган нерселерин алууга өзүнө уруксат бериши керек.
— Апанын тагдырын кызы кайталайбы?
— Ооба, көбүнчө ошондой болот. Анткени биз жашоону апабыз аркылуу тааныйбыз да. Апабыз жарык дүйнөгө алып келди, ак сүтүн берди, тарбиясын көрдүк. Албетте, апанын 99 пайыз ой жүгүртүү эмоцияларын сиңирип алабыз. Анан бизде ошол "настройка" болгондон кийин аны менен жашайбыз. Бирок бул апамдан үйрөнүп алдым деп эле жашай берген болбойт. Анткени апаң сага идеалдуу өрнөк эмес да. Анын дагы жашоосунда кыйынчылыктары, каталары болгон. Адамдар ошонун бардыгын көчүрүп алып алышат. Мисалы, апасы ажырашса, мен дагы ажырашуум керек деп. Бул түпкү аң-сезимдеги программа болуп калат. Күйөөң жакшы болсо деле жакпайт, кемчилик издеп, нааразы боло бересиң... Бул атайын эмес, бирок ичиңдеги программа ага түртөт. Ал айымдын билбестен эле күнүмдүк мамилеси ажырашууга алып барышы мүмкүн. Аны аң-сезимдүүлүк менен түшүнүп, өзүн тааныса, "жок, апамдын турмушун кайталап жатам, меники кандай?" деп өзүнө "Мен кандай болуп жашайм, ал үчүн эмне кылам?" деген суроолор аркылуу апанын тагдырынан ажырап, өз тагдырыңда жашай алат.
Албетте, апаларыбызды жакшы сапаттарын сыймыктануу менен алышыбыз керек. Ал эми каталарын мурас катары алып кетүүнүн кереги жок. Ичибизде эле ушундай анализдерди жүргүзсөк, өзүбүздүн жашообузду жашай алабыз.
— Бактыгүл Арыстанбековна, маек үчүн чоң рахмат!
Психолог тууралуу. Бактыгүл Арыстанбековна көп жылдан бери психология тармагында иш алып барат. "Ала-Тоо" эл аралык университетин инженер -менеджер адистиги боюнча бүтүргөн. Экинчи жогорку билимин Москвадагы Эл аралык консультация психологиясы институтунда (МУПО) алган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын апасы.