Жогорку Кеңештин 15-апрелдеги жыйынында депутат Улан Сариев ант берди.
Белгилей кетсек, ал №19 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган депутат Абдылдабек Эгембердиевдин ордуна келди.
Буга чейин БШК тарабынан Сариевге белгиленген үлгүдөгү ырастама жана депутаттык төш белги берилген.