Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстанды кузгундай тоноп кеткендер элге күйүп жаткандай түр көрсөтүп жатышат"

Бүгүн, 25-январда 2013-Иштерман жылында артыкчылык көрсөткөн кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаты өтүүдө. Анда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев өткөн жылдагы  экономикалык жетишкендиктерге токтолуп өттү. 

Электр энергия тармагында ЛЭПтер курулуп, жолдор оңдолуп жатканын жана ички дүң продукциянын өскөнүн белгилеп Кыргызстандын өнүгүүсүндө жарандардын салымы чоң экенин кошумчалады. 

“Башкысы мекенибизди тытмалап, хан болом, бай болом дегендерди ээрчибей мекен үчүн жашагандар көбөйө баштады. Кыргызстанды бөлүп жарууга даярданып жаткандар да жок эмес. 

Ар бир аймакта хан чыкса Кыргызстаныбыз эмне болот. Азыркы тапта Украинада болгон окуяларды көрүп турабыз. Эксперттер аталган өлкөнү "бөлүнүп кетүүсү мүмкүн" деп айтышууда. Биз андайга барбашыбыз керек. 

Арабызда Кыргызстандан качып кеткендер бар, мекен өрттөнүп, балдарыбыз өлүп жатканда элди кузгундай тоногондор бар. Эми элге күйгөн түр көрсөтүп жатышат”,- деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан