Өлкө башчы Садыр Жапаров чет элдик номурдагы унааларды мыйзамдаштыруу иштери жүргүзүлөрүн билдирди.
Президент Оштун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда жарандарды берилген убакытта мыйзамдаштырууга жетишүүгө чакырды. Мамлекет башчысы анын мөөнөтү такталып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, 5-февралда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кайра мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү болбой турганын билдирген. Экономика министрлиги чет өлкөлөрдөн мыйзамсыз ташылып келген унааларды экинчи жолу мыйзамдаштыруу маселеси пландалбаганын кабарлаган.