Ирандын борбору Тегеранда Минаб шаарындагы мектепке жасалган соккудан каза болгон окуучу кыздарга арналган "Минабдын көздөрү" аттуу көргөзмө ачылды.
Көргөзмөдө кол салуунун курмандыгы болгон балдардын сүрөттөрү коюлган.
Белгилей кетсек, 2-мартта Ирандын түштүгүндө жайгашкан башталгыч класстын окуучулары билим алган мектепке сокку урулган. Анда курмандыктардын саны 171 адамга жетип, көпчүлүгү окуучулар
болгон.