Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңешке талапкер катары каттоодон баш тартуу өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Маалыматты БШКнын басма сөз кызматы ырастады.
Маалым болгондой, бүгүн, 16-апрелде анын арызы каралат.
Буга чейин ИИМ Айдарбековго элчи болуп жүргөндө мыйзам бузууларга барген деген негиз менен кылмыш иши ачылганын билдирген. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.
Айта кетсек, 10-мартта Кубанычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылып, ошол эле күнү УКМК тарабынан кармалган. Анын ордуна №21 шайлоо округу боюнча Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши керек болчу. Бирок мандат берүү кечеңдеп, муну БШК Айдарбековго байланыштуу ИИМден тиешелүү маалымат күтүп жатканы менен түшүндүргөн. Айдарбеков БШК ага депутаттык мандатты негизсиз бербей жатканын айтып чыккан.