Биз социалдык тармакта

Иран АКШ блокадасына жооп катары Кызыл деңизди жаба турганын билдирди

Иран АКШнын Ормуз кысыгындагы портторду блокадага алуу чечимине жооп кайтарып, Кызыл деңизди, Перс жана Оман булуңдарын кемелер үчүн жабышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу Ирандын жогорку аскер жетекчилигинин өкүлү, генерал Али Абдоллахи мамлекеттик телеканалдын эфиринде айткан.

Анын айтымында, АКШнын блокадасы Ирандын соода кемелери жана мунай ташуучу танкерлери үчүн олуттуу коркунуч жаратууда. Эгер мындай аракеттер уланса, ок атышууну токтотуу келишими да бузулушу мүмкүн.

Мындай учурда Ирандын куралдуу күчтөрү Перс булуңу, Оман булуңу жана Кызыл деңиз аркылуу эч кандай экспорт жана импорт жүргүзүүгө жол бербей турганын белгиледи.

Ошондой эле Иранга союздаш Йемендеги хуситтер Кызыл деңиз менен Аден булуңун туташтырган Баб-эль-Мандеб кысыгындагы кеме каттамын бөгөттөшү ыктымал.

Буга чейин АКШ менен Иран 21 саатка созулган сүйлөшүүлөрдө бир пикирге келе алган эмес. Андан соң АКШ Иран портторуна кирген же чыгып жаткан бардык кемелерге каршы деңиз блокадасын жарыялаган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан