Президент Садыр Жапаровдун Кара-Кулжа районунда эл менен жолугушуусунда Ош шаарындагы Терешкова атындагы жатак-мектептин бузулушу боюнча адилеттүүлүк издеп кайрылган кызматкер Курстанбек Матиев боюнча УКМК маалымат берди.
Маалым болгондой, шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары, президентке кайрылган Курстанбек Матиев кызмат адамдары менен тил табышып, Валентина Терешкова атындагы №11 мектеп-интернатынын жатаканасынын имаратын бузуу боюнча мамлекеттик сатып алуулардын жасалма процедураларын уюштурган.
"Имаратты бузуу иштери алдын ала - 2022-жылдын июль жана сентябрь айларынын аралыгында, тендер өткөрүлүп, келишимдерге кол коюлганга чейин жүргүзүлгөн. Жумуштар белгиленген тартиптен тышкары, жеке адамды тартуу менен аткарылган. Мындан тышкары, бузулгандан кийин калган, баасы 7 046 618 сом болгон курулуш материалдары мыйзамсыз сатылган. Бул фактыны жашыруу максатында материалдарды жараксыз деп табуу жөнүндө акт жасалмаланган. Мамлекетке келтирилген жалпы зыян 7 713 028 сомду түздү",- деп белгиленген тергөөнүн материалында.
Тергөө жыйынтыгы боюнча аткаминер Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылганы кошумчаланды.
"Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 31-октябрындагы чечими менен ал күнөөлүү деп табылды. Ага 300 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, 6 миллион 713 миң 28 сом өлчөмүндөгү зыянды өндүрүп берүү милдеттендирилди. Ош облустук сотунун 9-февралдагы токтому менен өкүм өзгөртүүсүз калтырылган. Учурда соттолгон адамдын кассациялык даттануусу Жогорку Сотто каралууда",- деп айтылат маалыматта.
УКМК соттук териштирүүнүн жүрүшүнө көзөмөлүн улантууда.