Кечээ, 14-апрелде президент Садыр Жапаровдун Кара-Кулжа районундагы жолугушуусунда Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдыгы башчысы Курстанбек Матиев адилеттүүлүк издеп жүргөнүн айтып кайрылды.
Анда ал жетекчилик кызматта турганда Ош шаарындагы Валентина Терешкова атындагы жатак-интернатты берилген тапшырманын негизинде, тиешелүү документтердин кортундусу менен буздуртуп, 3 жылдан кийин ага туура эмес бузгандыгы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Мындан тышкары, ал 4 ай камакта жатып, 1 миллион сом акча төлөгөнүн кошумчалады.
Президент аткаминердин арызы боюнча ишти кайра карап, актап, акчасын кайтарып берүү талабы менен прокуратурага жана сот тармагына тапшырма берди жана бул ишти жеке көзөмөлүнө алды.
"Терешкованы бузуп, 100 жыл тура тургандай жаңы имарат салып, бүткөндө мен барып ачкам да. Бул кишиге мамлекетке зыян келтирди деп 1 миллион төктүртүп, анан 7 миллион сомду мойнуна илип койгон кандай адилеттүүлүк? Шаардын прокурору бул жерде мээси тескери айланып калганбы?",- деди өлкө башчысы.