Биз социалдык тармакта

Чыңгыз Айдарбеков билдирүү жасады

Чыңгыз Айдарбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигинен баш тартканын билдирди.

Ал бул боюнча БШКга арыз жазганын тактап: "Сүйүктүү мамлекетибизде ынтымак, тынчтык, туруктуулук, өнүгүү болсун",- деди.

БШК анын арызы бүгүн, 16-апрелде караларын ырастады.

Буга чейин ИИМ Айдарбековго элчи болуп жүргөндө мыйзам бузууларга барген деген негиз менен кылмыш иши ачылганын билдирген. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Айта кетсек, 10-мартта Кубанычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылып, ошол эле күнү УКМК тарабынан кармалган. Анын ордуна №21 шайлоо округу боюнча Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши керек болчу. Бирок мандат берүү кечеңдеп, муну БШК Айдарбековго байланыштуу ИИМден тиешелүү маалымат күтүп жатканы менен түшүндүргөн. Айдарбеков БШК ага депутаттык мандатты негизсиз бербей жатканын айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан