Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелдеги жыйынында Чыңгыз Айдарбековдун Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигинен баш тартуу тууралуу жазган арызын карады. Натыйжада, БШК мүчөлөрү анын каттоосун жокко чыгарышты.Айта кетсек, 10-мартта Кубанычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылып, ошол эле күнү УКМК тарабынан кармалган. Анын ордуна №21 шайлоо округу боюнча Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши керек болчу. Бирок мандат берүү кечеңдеп, муну БШК Айдарбековго байланыштуу ИИМден тиешелүү маалымат күтүп жатканы менен түшүндүргөн. Айдарбеков БШК ага депутаттык мандатты негизсиз бербей жатканын айтып чыккан.