Алдамчылыкка шектелген жаранды кармаган 2 милиция кызматкерине кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.
Учурда окуянын бардык жагдайларын ар тараптуу аныктоо иштери уланууда.
Буга чейин ИИМ 25 жаштагы жигит аны кармаган милиция кызматкерлеринин аракеттерине даттанганын билдирип, кызматтык иликтөө
башталганын маалымдаган.