ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 9-апрель күнү милицияга А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Э уулу Э. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.
Маалыматка ылайык, 31-мартта Бишкек шаарындагы Анкара көчөсүндө белгисиз адам арыздануучунун ишеничине кирип, баасы 65 миң сом турган MacBook Air M2 ноутбугун алып кеткен. Ал акчасын үч саат ичинде кайтарып берем деп убада берип, андан кийин из жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында 2000-жылы туулган Э уулу Э. кармалып, ага айып угузулган.
Мындан тышкары шектүү милиция кызматкерлеринин аракеттерине даттанып, ИИМдин Ички иликтөө кызматына арыз менен кайрылган.
Учурда бул факт боюнча кызматтык текшерүү жүрүп жатат.