Биз социалдык тармакта

Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына катышуудан баш тартты

Иран бийлиги Вашингтондун ашыкча талаптарынан улам АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу IRNA маалымат агенттиги жазып чыкты.

Агенттик баш тартуунун себептери катары Вашингтондун ашыкча талаптарын, сүйлөшүү позицияларынын тынымсыз өзгөрүшүн, өз ара карама-каршылыктарды жана уланып жаткан деңиз блокадасын келтирген. Бул маселе боюнча Иран жетекчилигинен расмий комментарий болгон жок.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Исламабадда сүйлөшүүлөр болорун жарыялаган.

Эске салсак, 12-апрелде Пакистанда АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү натыйжасыз аяктаган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан