"75 адамдын каты" боюнча кармалды делген Бакытбек Жумагулов абактан бошотулуп, үй камагына чыкты. Эми ал 10-июнга чейин көзөмөлдө болот.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, чечим 11-апрелде кабыл алынган.
Эске салсак, Жумагулов Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу", "Кылмышка даярдык көрүү" беренелери боюнча кармалган. Деген менен анын аты-жөнү президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча кайрылууга кол койгондордун арасында жок.
Эске салсак, 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. 11-февраль күнү кайрылууга кол койгон Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев жана Бекболот Талгарбековдор кармалышкан.