Чек ара кызматы: Чек араны бузгандар Кытай тараптан Кыргызстандын Кайчы чек ара ашуусу аркылуу өтүшкөн

Бүгүн, 25-январда Жети-Өгүз районунун «Ак-Шыйрак» жана «Кара-Сай» чек ара бекеттеринин аймактарында белгисиз адамдардын изин аныктоо боюнча иликтөө иш-чарасы жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында мамлекеттик чек араны бузгандар Кытай тараптан Кыргызстандын Кайчы чек ара ашуусу аркылуу өтүшкөн. Ал аймакта от жаккан жер да аныкталган. Бул туурасында КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, 23-январда Ысык-Көл облусундагы "Ак шыйрак" чек ара заставасынын аймагында пайда болгон белгисиз 11 адам бир токойчуну өлтүрүп, чек арачыларга куралдуу каршылык көрсөтүшкөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан