Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Бишкекте өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунан кийин Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде 1-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, мелдештин жыйынтыгында Акматалиев 70 килограмм салмак ченинде 6500 рейтингдик упай топтоп, UWW уюмунун версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде сап башына чыккан.
Белгилей кетсек, Азия чемпиондугунда Эрназар Акматалиев кытайлык атаандашын жеңип, коло байгенин ээси боло алган.