Бүгүн, 10-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Эрназар Акматалиев кытайлык атаандашын жеңип, коло байге ээси болду.
Килемге эркин күрөштөн 70 килограммга чейинки салмак ченинде чыккан балбандардын беттеши 14:7 эсебинде аяктады.
Буга чейин эркин күрөштөн Адымалик Карачов 3-орунду ээледи.