АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы НАТОго мүчө өлкөлөрдү "жакшы" жана "жаман" деп бөлгөн атайын тизме даярдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Ак үй Иранга каршы аскердик операцияны колдобогон союздаштарды жазалоо жолдорун издеп жатат. Мындай демилгени АКШнын коргоо министри Пит Хегсет сунуштап, бул активдүү аракет кылган союздаштарды колдоого багытталганын билдирген.
Учурда аталган тизмедеги өлкөлөр тууралуу ачык маалымат жок.
Буга чейин Трамп НАТОго мүчө айрым өлкөлөрдү жазалоо планын карап жатканын, алар АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясына жетиштүү колдоо көрсөтпөгөнүн айткан болчу.