Биз социалдык тармакта

Трамп АКШ аскерлерин НАТОдогу айрым өлкөлөрдөн чыгарууну сунуштады

АКШ президенти Дональд Трамп НАТОго мүчө айрым өлкөлөрдү жазалоо планын карап жатат. Анын пикиринде, бул өлкөлөр АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясына жетиштүү колдоо көрсөткөн эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар The Wall Street Journal басылмасына таянып жазышты.

"Бул сунуш АКШнын аскерлерин Ирандагы аскердик аракеттерди колдобогон Түндүк Атлантика келишим уюмуна (НАТО) мүчө өлкөлөрдөн чыгарууну, тескерисинче, колдоо көрсөткөн өлкөлөргө жайгаштырууну карайт. Бул сунуш Трамптын АКШны альянстан толугу менен чыгарып кетүү тууралуу коркутууларына салыштырмалуу жумшагыраак. Анткени ал мыйзам боюнча, Конгресстин макулдугусуз мындай кадам жасай албайт",- деп жазылган басылмада.

8-апрелде АКШ менен Иран эки тараптуу эки жумалык ок атышпоого келишим түзүшкөнү маалымдалган. Сүйлөшүүлөр 10-апрелде Пакистандын борбору Исламабадда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан