Өкмөт менен БУУнун долбоорлорду тейлөө Башкармалыгынын ортосунда тийиштүү меморандумга кол коюлду

25-январда өкмөт менен БУУнун долбоорлорду тейлөө Башкармалыгынын ортосунда электрондук өкмөттүн инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Документке вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана БУУнун Азия, Европа, Жакынкы чыгыш өлкөлөрүндөгү долбоорлорду тейлөө Башкармалыгынын аймактык директору Брюс Маккарон кол койду.

“Кыргызстан менен электрондук өкмөт системин өнүктүрүүдө, бирдиктүү мамлекеттик регистр түзүүдө жана биздин өлкөбүз үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга дилгирлигин билдирген БУУнун башкармалыгына ыраазычылык билдиребиз. Жарандардын мамлекеттик кызматтарга жана алардын сапатына карата электрондук мүмкүнчүлүккө ээ болушун шарттаган биргелешкен реформалар Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын дареметин бекемдөөгө багытталат”,- деди Сарпашев.

Брюс Маккарон  Кыргызстан Борбор Азияда демократиялуу мамлекет катары жаркын мисал болгонун айтып “кызматташтык электрондук документти биометриялык стандарт жана маалымат базасыз пайдаланууда да колдонулат”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан