Москвада мекендеш мигранттарга жардам берген кыргызстандыкка кылмыш иши козголду 

2014-жылдын 23-январында Москванын Батыш административдик аймагынын ички иштер башкармалыгы тарабынан  34 жаштагы кыргызстандыкка кылмыш иши козголду. Ал мекендештерине жардам бергени үчүн ага  Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "мыйзамсыз миграция уюштуруу” беренеси боюнча айып тагылууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, ал Кыргызстандан келген 10 жаранга жер төлөдөн жашаганга жай таап берген. Ошондой эле алардын өлкөдө мыйзамсыз жүргөнүн билип туруп жумушка орноштурган.

Аталган берене боюнча ага 300 миң рубль же 2 жылга чейин коомдук жумуштарды жасоо боюнча айып салынат, же 5 жылга чейин эркинен ажыратылыш мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан