Ош. Ноокатта окуучулар арасындагы предметтер боюнча аймактык олимпиада жыйынтыкталды

Ноокат районунда мектеп окуучуларынын арасында предметтер боюнча  олимпиадасы  жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда  райондук билим берүү бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Быйылкы 2013-2014-окуу жылындагы олимпиаданын райондук этабына жалпысынан  625 окуучу катышып,  38 окуучу 1-орунду, 42 окуучу 2-орунду алышты.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын буйругу менен 1-орунду алган  окуучуларга 1-даражадагы дипломдор жана баалуу белектер берилди.  Ал эми аларды окутуп, олимпиадага даярдаган мугалимдерине Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан